Биз менен байланышыңыз

«Бизнес акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү өзгөрөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2021 | 570 | 0

Бизнес акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү өзгөрөт. Учурда тийиштүү мыйзам министрликтерде, өкмөттүн жана президенттин аппаратында талкууланып жатат. Бул тууралуу Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бир жылдан ашык тажрыйбабыздан биздин иштеги көйгөйлүү маселелерди көрүп жатабыз. Аларды эске алып, өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Тийиштүү мыйзам талкууланып жатат. Биздин институтка соттук процесстерге катышуу укугу берилиши керек. Анткени айрым учурда сот өтө көп маселелерди карайт, убактысы да жетишпейт», — дейт Мусуралиев.

Анын айтымында, эки ишкердин ортосундагы маселени жөнгө салуу Бизнес акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарына кирбейт.

Чет өлкөлүк инвесторлорду камоо менен Кыргызстан эл аралык аброюна шек келтирүүдө. Ишкерлерге мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде колдоо керек. Укук коргоо органдары алар менен өзгөчө мамиледе болушу кажет. Тилекке каршы, укук коргоо органдары толук түшүнбөй жатат. Алар мамлекеттик казынаны толтуруу менен алек болуп, келечекти унутуп коюшууда.

Мамлекет менен бизнес өнөктөш катары иш алып барууга тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM