Биз менен байланышыңыз

«Студенттердин контракт маселеси каралууда»

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 699 | 0

Студенттердин контрактына 20 пайызга жакын жеңилдик берилсе, 888 млн сомду түзөт. Бирок мындай каражатты кайтарымсыз негизде ЖОЖдорго берүү үчүн мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, студенттердин контракт маселеси каралууда. Мүмкүнчүлүктөр караштырылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жогорку окуу жайлардын каржылык саясатына эркиндик берилген. Университеттерде иштеген кызматкерлердин маянасы, курулуш иштерине кеткен чыгымдар студенттердин контракттарынын негизинде төлөнүүдө.

«Жылдын башында сметалар бекитилгендиктен, жылдын ортосунда тигил же бул жакка кете албай жатабыз. Мамлекет баарыбыздыкы, андыктан туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырам. Бирок мамлекет контракт маселеси боюнча акыркы чекитти койгон жок», — дейт Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM