Биз менен байланышыңыз

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн кандай иштер жасалууда?

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 1035 | 0

Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар жаңы система менен окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Билим берүүнүн ички стандарттары, сапаты, мазмуну жагынан Кыргызстан дүйнөдөн артта калып баратат. Анткени өлкөнүн билим берүү стандарттары дүйнөлүк талаптарга жооп бербейт.

Окуучулар алып жаткан көндүмдөр келечекке карай багытталган эмес. Тилекке каршы, жазылган документтер менен аны окуткан мугалимдердин деңгээли эки башка болуп жатат. Долбоорлор жазылганы менен аларды уюштуруу жагында окутуучулар даярдалган эмес.

Биринчиден, билим эмгек рыногуна жана базар экономикасына шайкеш болушу кажет. Экономика менен билим берүү тармагы параллель түрдө айкалышып жүрбөсө, өлкө артта калат.

«Билим берүү жана илим тармагы башка багыттарга караганда 10 жыл алдыга кадам ташташы керек. Анткени аталган тармак өлкөгө багыт берип, локомотив катары сүйрөйт. Андыктан биз окуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Жаңы окуу жылына карата бир топ мамлекеттик документтер даяр болот. Алар дүйнөлүк көндүмдөрдү эске алуу менен, жаңыча багытта жазылып жатат. Маселен, орто мектептерде илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) жагына басым жасоо пландалууда», — дейт Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM