Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү маселелерин чечип келген 4 аял азыр жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 5359 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде министрликте жагдай өзгөргөнүн билдирди.

Анын айтымында, мурда билим берүү маселелери төрт аялдын кызыкчылыгы менен чечилип келген. Аларын таасири айрыкча эл аралык долбоорлор, маанилүү маселелерге тийип турган. Экс-министр, маркум Каныбек Исаков ал аялдарды кызматтан четтеткен.

«Мен келгенде алар менен күрөшүүгө кажет калган жок. Бир-эки комиссияда калган экен, аларды да мүмкүн болушунча четтеткенге аракет кылдык. Азыр алар дээрлик жок», — деди министр.

Белгилей кетсек, Алмаз Бейшеналиев «Марал» радиосуна 2019-жылы берген маегинде билим берүү тармагын сынга алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM