Биз менен байланышыңыз

«Жерүйдө» уулангандар боюнча иликтөө жүрүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 541 | 0

«Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенинде иштеген 18 жумушчу тамактан ууланды» деген маалымат тарады. Окуя боюнча кенди иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы менен байланышканыбызда, мекеменин коммуникация боюнча кеңешчиси Касиет Карачолокова бул туурасында тиешелүү расмий билдирүү жарыяланганын кабарлады.

— Биздин компаниянын кызматкерлеринин тамак-аштан уулангандыгы тууралуу маалымат айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда пайда болуп жатат. Ушул  жылдын 19-мартында «Жерүй» өндүрүштүк  тилкесинин медициналык кызматкерлерине ден соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип, 15 адам кайрылган. Медицина кызматкерлери тарабынан ыкчам жардам көрсөтүлүп, анализдер алынып, алар Талас санэпидстанциясына жөнөтүлдү. Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө жабыркагандардын бири да кайра кайрылган жок, жалпы бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Талас районунун тургуну, жарандык активист Аманбол Бабакулов бейтаптарга кысым болушу мүмкүн экенин, керек болсо ар бири менен сүйлөшүп, чындыкты билүү маанилүү болорун айтат.

— «Жерүйдүн» эң эле чоң жаңылыштыгы, ал маалыматты эки күн коомчулукка эч билдирбей, жаап-жашыргандыгында болуп жатат. Ал эми буга чейин алар жакында эле ачылган бул ишкана заманбап технологиялар менен бүт камсыздалып, бардык талапка жооп бере тургандыгын кайра-кайра мактанып, чыгарып жатышты. Анда эмне үчүн анализдер бат эле чыга койгон жок? Мындай нерсе күмөн санатпай койбойт. Кыргыз бийлиги керек болсо, ар бири менен сүйлөшүп, кысым, коркутуулар болгон жокпу, билиши керек. Анткени бизде, кыргызда ушундай жаман нерсе бар: «айтсаңар жумуштан айдаласыңар» деген. Чү дегенде эле, 15 адамды тамактан же башкадан уулап жатса, айтор, мунун арты жакшылыкка алып барбасын эскертким келет. 

Белгилей кетсек, Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. 2016-жылдагы расмий маалыматка ылайык, ал жерде 88 тонна 231 килограмм алтындын, 24 тонна 349 килограмм күмүштүн запасы бар. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда «Кумтөрдөн» кийинки орунда турат.

Алтын кен 1992-жылдан бери ондон ашык инвестордун колунан өтүп, бирок иштетилбей келген. 2015-жылы кенди иштетүү укугун Орусиянын «Восток геолдобыча» компаниясы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатып алган. Буга байланыштуу «Альянс Алтын» ишканасы түзүлгөн.

Элдин нааразычылыгынан улам компаниянын иши башталбай жатып, кечээ жакында эле жанданган. Анын алкагында алтын иштетүүчү фабрика курулуп, ачылышына Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жеринде, Орусиянын Президенти Владимир Путин онлайн катышкан.

Даярдаган: Насиридин Тайлаков

Copyright © 2017 Maral FM