Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Нооруз» майрамына арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча финалдык беттештер өттү.
Жатар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлагандай, мелдештерге республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 34 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин ээси:
+ 90 кг:
1-орун – Күмүшбек Кыдыралиев, Талас облусу;
2-орун – Арген Абдуллаев, Жалал-Абад облусу;
3-орун – Фархад Камчыбеков, Чүй облусу.
90 кг:
1-орун – Алмазбек Ибрагимов, Чүй облусу;
2-орун – Конокбай Баркыжоков, Нарын облусу;
3-орун – Кумарбек Адилет уулу, Бишкек шаары.
80 кг:
1-орун – Ислам Бердибек уулу, Нарын облусу;
2-орун – Шерболот Бердибек уулу, Жалал-Абад облусу;
3-орун – Бактыгул Райхан уулу, Баткен облусу;
70 кг:
1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу;
2-орун – Аманбай Шайдин уулу, Ош шаары;
3-орун – Нурлан Байыш уулу, Жалал-Абад облусу.
60 кг:
1-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу;
2-орун – Алибек Шамилбеков, Чүй облусу;
3-орун – Бекжан уулу Кайрат, Бишкек шаары.
Байге фонду – 100 миң сом:
1-орун – 10 миң сом;
2-орун – 7 миң сом;
3-орун – 3 миң сом.
Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.