20-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган Көк бөрү боюнча Биринчи жана Жогорку лиганын командаларынын арасында 3-орун үчүн оюндар өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Биринчи лигада «Бакубат Талас» командасы (Талас облусу) 3-орунду ээледи, ал эми Жогорку лиганын коло байгесинин ээси «Сары-Өзөн» командасы аталды.
Мындан тышкары, Жогорку лиганын командаларынын арасында 5-6-орундар үчүн оюн өттү. «Жаш Күч» командасы (Баткен облусу) атаандаштарын артка калтырып, Жогорку лигада калды. Ал эми 6-орунду ээлеген «Мурас» командасы (Ысык-Көл облусу) Биринчи лигага өттү.
Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча финалдык мелдештер өтөт.
20-марттын жыйынтыктары:
3-4-орунга мелдеш (Биринчи лига);
«Бакубат Талас» [6:6] Сокулук, буллит эсеп: 3:0;
3-4-орун үчүн беттеш (Жогорку Лига);
Сары-Өзөн [5:4] Ала-Тоо;
5-6–орун үчүн беттеш (Жогорку Лига);
Жаш Күч [3:2] Мурас.
21-мартка карата программа:
09:00-10:00 – Эр эңиш;
10:00-11:30 – Көк бөрүнүн финалы, Жети-Өгүз – Кара-Буура (Биринчи лига);
11:30-13:30 – Ат чабыш;
13:30-15:00 – Салбуурун;
15:00-16:30 – Көк бөрүнүн финалы, Достук – Ынтымак, (Жогорку лига);
16:30-17:30 – Сыйлоо аземи.