Биз менен байланышыңыз

Кытайдын COVID-19га каршы вакцинасы Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 1018 | 0

Акысыз жөнөткөн Кытайдын COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Гуманитардык жардамды Премьер-министр Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень баштаган өкүлдөр тосуп алды.

Улукбек Марипов өз сөзүндө Кыргызстан вирусту жалгыз жеңе албасын, өлкө коронавируска каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүп жатканын айтты.

Ал эми элчи Ду Дэвень Кытайдын вакцинасын акысыз берүү чечими эки элдин достук мамилесинен улам экенин, бул стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турарын белгиледи. Ошондой эле вакциналар кыргыз элинин ден соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берерине ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM