Биз менен байланышыңыз

Чилиде 6 айлык ымыркайга COVID-19 вакцинасы «кокустан» жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 760 | 0

Чилиде 6 айлык ымыркай ойлонулбаган кокустуктан улам COVID-19 инфекциясына каршы «Sinovac Biotech» вакцинасы менен эмделди.

Кадимки эмдөөлөрүн сайдыртуу үчүн чилилик эне 6 айлык ымыркайын Био-Био аймагынын Тируа айылындагы үй-бүлөлүк ден соолук борборуна алып барганда, дарыгер адашып коронавируска каршы вакцина сайып алган. Бул жаңылыштыкты аталган медициналык мекемеде да моюндады.

Ымыркайдын үй-бүлөсүнө туура эмес эмдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат берилип, наристе көзөмөлгө алынган. Азырынча ымыркайда эч кандай терс таасирлер байкала элек, окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM