Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 759 | 0

Бишкектин Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) 18-мартта саат 23:00дө жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, «Мерседес» унаасы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде «Субару Легаси» унаасы менен кагышып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан «Субару Легаси» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Ошондой эле 19 жаштагы кыз (жөө жүргүнчү) жараат алган.

Унаалар айып аянтчасына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Окуянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM