Биз менен байланышыңыз

«Спорт шаарчасына» бөлүнгөн 30 гектар жерге «Өкмөттүк шаарча» курулабы?

Саясат , Спорт | 18 Мар 2021 | 1280 | 0

Спортту өнүктүрүү максатында Бишкектин түштүк тарабына «Спорт шаарчасын» куруу үчүн бөлүнгөн 30 гектар жер өкмөттүн балансына өтө турганы айтылууда. Заманбап спорттук шаарча куруунун ордуна Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак-жай комплекстерин жана мамлекеттик имараттарды салууну көздөп жатат. «Административдик шаарча куруу үчүн жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккандыгы, бирок документке кол коюла электиги белгилүү болду. Эл аралык деңгээлдеги эң чоң спорттук комплекс боло турганы айтылып жүргөн долбоордун өзү кандай? Деги курулушу башталганбы? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Спорт шаарчасына» 12 гектар жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтомго мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорт объекттерин башкаруу жана спортту колдоо» мамлекеттик мекемесине мөөнөтсүз колдонууга берилген. Калган 18 гектар жерди Бишкек шаардык мэриясы бөлүп бермей болгон.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке 28 гектар жер мэрия тарабынан өткөрүлүп берилгенин, бирок эч кандай иш баштала электигин аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

«28 гектар жер өткөрүлүп берилип, токтом чыккан. Бирок спорт шаарчасын куруу боюнча долбоор чийиле элек, эч кандай иштер баштала элек. Жер маселеси гана чечилген».

Ал эми Өкмөттүн маалымат бөлүмү аларга кабыл алынып, кол коюлган гана токтомдор келе турганын, бирок «Административдик шаарча куруу үчүн жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө» токтом келбегенин, токтомдор расмий жарыяланып, күчүнө кирерин, ар кандай маалыматтарга ишенүүгө болбой турганын билдирди.

2019-жылдын 24- январында экс-президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун салуу сунуштаган болчу. Футбол федерациясына кайрылганыбызда:

«Спорттук шаарчаны куруу башталган эмес, ал кагаз түрүндөгү эле иштер болчу. Жер бөлүп берүү процесси кагаз түрүндө эле болчу, документ иштери көп убакытты талап кылат деген боюнча калган» , — деди маалымат катчы.

«Спорт шаарчасынын» объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзө турган болгон. Аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдиргендей, ал боюнча Бишкек шаардык мэриясынан тапшырма түшкөн эмес жана акча каражаты да бөлүнгөн эмес.

«Бизге азырынча тапшырма түшө элек, акчасы да бөлүнө элек. Долбоор кандай болот, кайсы имарат кандай жайгашат, анын баары мэрияда». 

Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров спорттук комплекстерди куруу үчүн мамлекеттик программа болушу керек деген ойдо. Анын пикиринде, улуттун ден соолугу чың болушу үчүн спорт комплекстери сөзсүз түрдө керек.

«Чет өлкөлөрдө программа болот, узакка барыштын кереги жок, Казакстанда бар, Өзбекстанда бар, Түркмөнстанда бар, Тажикстанда бар. Менимче, спорт боюнча программа болушу керек. Орто Азия боюнча спорт комплекси эң аз биз эле болсок керек. 30 жылдан бери мамлекеттик деңгээлде курулган жок деп ойлойм. Жеке менчик спорт комплекстери бар, бирок мамлекеттик спорт комплекстердин курулганын көргөн жокмун». 

Эске салсак, айтылып жаткан спорт шаарчасына 30-35 миң орундуу футболдук стадион, 7-8 миң орундуу универсалдуу спорт ордосу, 5 миң орундуу муз аянтчасы жана 3 миң орундуу жабык бассейн түшөрү кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM