Биз менен байланышыңыз

Президенттин келишин утурлай Таласта митинг болду

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 935 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Талас облусунда бүгүн, 17-мартта Кара-Ой айылынын 100гө жакын тургуну «Жерүй» кенине бара турган жолго чогулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, айыл эли Президент Садыр Жапаровдун келишин утурлай, жол тосуп чыгышкан. Алар «Жерүй» кенин иштетүүдө кенге жакын айылдардын калкы жапа чеккенин, андыктан түшкөн пайданын кандайдыр бир өлчөмүн кенемте катары берип туруусун талап кылып жатышат.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров эл менен жолугушуп, талаптарын укканы, нааразы тараптан үч адамды өзү менен кошо ала кеткени кабарланды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-мартта «Жерүй» кенинде «Талас» алтын иштетүү фабрикасы ачылмак. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде, Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышары маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM