Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 501 | 0

Президент Садыр Жапаров 2002-жылы 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Эскерүүгө Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты.

Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM