Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 55 адам илдетке чалдыгып, 56 бейтап айыкты

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 375 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 55 адам коронавируска чалдыгып, Чүй облусунан бир бейтап каза тапты.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында — 30, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 13, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 5 адам илдет жугузуп алганы аныкталды.

Ошол эле учурда 56 адам: Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 12 адам COVID-19дан сакайып чыкты.

Стационарларда 333 бейтап, үй шартында 307 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери жалпы 87 миң 45 адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 83 миң 980 бейтап ооруну жеңип, 1 485 адам илдеттен көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM