Биз менен байланышыңыз

«Апаларды сыйлайбыз» акциясынан фотобаян

Акциялар , Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 28840 | 0

Биздин журналисттердин, кызматкерлердин апалары «Марал» радиосунун ишмердүүлүгү менен жеринен келип таанышты. Радионун жетекчилиги «Апаларды сыйлайбыз» акциясынын алкагында аларга радионун ишмердүүлүгүн көрсөтүп, андан сырткары тарыхий жерлерди зыярат кылдырып, сый-тамак уюштурду.

Программанын жүрүшүндө апалар балдарынын иштеген жерлерин көрүп, студиялар менен тааныштырылды. Андан соң Ата-Бейит мемориалдык комплексине зыяратка барды. Ошондой эле «Маралдын» кызматкерлеринин апалары үчүн атайын даярдалган №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаттын окуучуларынын концертине күбө болушту. Аягында атайын сый-тамак берилип, «Маралдын» кызматкерлери, ырчылар апаларга ыр белек тартуулады.

Биздин чакырууну кабыл алып алыстан келген апаларга ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле апалар үчүн атайын келип сүйлөп берген Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев агайга, төкмө акын Акматбек Султан уулуна, ырчылар Үмүтай Абдышева, Кубаныч Алиевге да ыраазычылык айта кетебиз! Иш-чарага демөөрчүлүк кылган биздин өнөктөштөрүбүз «Жасур аш борбору», «Алтын казына» рестораны болду.

«Апаларды сыйлайбыз» акциясы биринчи жолу уюштурулду. Буюрса, бул саамалык мындан ары жыл сайын уланып турмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM