Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 15-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 712 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 15-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Күндүз тоолуу аймактарда жаан, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0….5;

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус, күндүз -1…-3 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM