Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусия Президентинин Эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан-Орусия эриш-аркак кызматташтык жылынын алкагында кабыл алынган 200гө жакын келишимди жүзөгө ашырууну талкуулашты.
Ошондой эле Орусиянын алдыңкы жамааттарынын республиканын аймактарына концерттик турларын уюштуруу маселеси каралды.
Эки өлкөнүн эриш-аркак кызматташтык жылынын жабылыш аземи ушул жылдын күз айларына мерчемделген.
Элчи Гүлнара-Клара Самат эриш-аркак кызматташтык жылды жыйынтыктаган концерттик программага көрүнүктүү советтик композитор Дмитрий Шостаковичтин «Кыргыз жана орус темаларындагы увертюралар» чыгармасын киргизүүнү суранды.