Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Акматовдун туугандары маркумду жайына тынч жаткыруусун өтүнөт

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 910 | 0

Маркум депутат Алмазбек Акматовдун туугандары жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасады.

Эске салсак, буга чейин «Алмазбек Акматовдун сөөгү кайра казылып, текшерилет (эксгумация) экен», — деген маалымат тараган.

Маркумдун туугандары бул маалыматты төгүндөп: «Жакын туугандарынын баары кайгырып жатышат. Маркумдун тынчын албагыла, анын атын пайдаланып, хайп жасабагыла. Бул — абийирсиздик», — дешти.

Жогрку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 28-февралда 57 жашында көз жумган. Анын көптөн бери ооруп жүргөнү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM