Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек бизнес ассоциациясын түзүү сунушталды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 472 | 0

Кыргыз-өзбек бизнес биримдигин түзүү сунушталды. Жакында бул долбоор өзбек тарап менен бирге талкууланат. Мындай маалыматты жеке ишкер Эрлан Сеиткулов «Маралга» кабарлады.

Ишкердин баамында, Өзбекстан 2017-жылдан бери тездик менен өнүгүүдө. Кыргыз ишкерлери ал жактан иш ачууга кызыкдар. Ал үчүн ассоциация ачып, аларга кепилдик түзүп берүүгө мамлекет көмөктөшүүсү зарыл.

«Биздин кыргыз ишкерлер учурда Өзбекстанга барып, бизнес кылууга кызыкдар. Мен Кыргызстандагы ЖИАнын (Жаш ишкерлер ассоциациясы) алкагында кыргыз-өзбек ишкерлер ассоциациясын түзүүнү сунуштап жатам. Президентибиз бизди Өзбекстандын базарына да киргизип, ушул багытта колдоо көргөзсө жакшы болот.

Учурда ассоциация түзсөк деген сунушту пландоо жана анализдөө процессин жүргүзүп жатабыз. ЖИА бизнес ассоциациясы марттын аягында Өзбекстанга иш сапар уюштурууну пландап жатат. Ошондо бул долбоор эки тараптуу талкууга алынат», — деди ишкер.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барды. Анда 20дан ашык келишимге кол коюлду.

Өзбекстан Кыргызстан менен экономика, суу-энергетика, чек ара, темир жол, транспорт, айыл чарба жана башка багыттарда кызматташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM