Биз менен байланышыңыз

Бириккен Улуттар Уюму ачарчылык менен күрөшкөн топ түзөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 868 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун алдында ачарчылык менен күрөшкөн, жокчулуктан жапа чеккен өлкөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берген атайын жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жарыялады.

«Мен ачарчылыктын алдын алуу үчүн гуманитардык иштер боюнча орун басарым Марк Люк жетектеген жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүүнү чечтим. Бул топко Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү кирет», — деди Гутерриш.

БУУнун Башкы катчысы ачарчылык барган сайын согуштук куралга айланып баратканын белгилеп, мисал катары Сириядагы кырдаалды келтирди. Башка аймактардагы кризистер тамак-аш жеткирүүнү кыйындатат. Мындан тышкары шашылыш чара көрүлбөсө, ачарлыктыктан дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдын кырылып калуу коркунучу бар экенин да эскертип өттү.

БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылдын аягына чейин дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам ачкачылыктан жапа чегет. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Гутерриш климаттын өзгөрүшү жана пандемия кырдаалды курчутуп жатканын айтып: «2021-жылга карата божомолдор да ушул коркунучтуу тенденция улана берерин көрсөтүүдө», — деди.

Буга байланыштуу Гутерриш эл аралык коомчулукту ачарчылыкка каршы күрөшүүгө жана анын чыгышына алып келген кризистерди токтотууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM