Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ташкент алакасы: Ишкерлердин сунушу

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында 20дан ашык келишимге кол коюлуп, кызматташтык жаңы деңгээлге чыга турган болду. Ишкерлер коңшу мамлекет менен кызматташууда артыкчылык бере турган тармактарда атады. 

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчы Өзбекстандын жогорку бийлик жетечилери менен жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форум да уюштурулду. Жолугушуулардын жыйынтыгында 20дан ашык документке кол коюлду. Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары ишкерлер жана саясий чөйрөдө түрдүү талкууланып жатат. Түзүлгөн келишимдер кагаз бетинде каларын жана реалдуу жашоодо абал башка экенин айткандар да бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуудан кийин биргелешкен кайрылуу жасашты.

Жапаровдун айтымында, Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода-экономикалык кызматташтыкта маанилүү орунду ээлейт.

— Биз эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, интеграциялык жана эл аралык уюмдардагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Ошондой эле Шавкат Миромоновичти каалаган ыңгайлуу убагында Кыргызстанга жооп сапары менен келип кетүүгө чакырдым.

Тараптар 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган «Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимдин негизинде эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларына чек аранын калган тилкелерин делимитациялоону аяктоо үчүн сүйлөшүү процесси жандана турган болду.

Эки өлкө экономика, суу-энергетика, чек ара, темир жол транспорт, айыл чарба жана башка багыттарда кызматташат. Кызматташууну тереңдетүүгө багытталган Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга да кол коюлду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз эли менен бир туугандык, коңшулук мамиле өзгөчө бааланарына ишендирди.

-Кыргыз-өзбек мамилеси көп жылдык тарыхы менен байланыштуу. Биздин каада-салтыбыз, маданиятыбыз жана баалуулуктарыбыз окшош. Айыл жерлерин көрктөндүрүү, элдин турмушун оңдоо боюнча долбоорун ишке ашыруу да символикалык мааниге ээ. Биз Жизак облусунун Достук районунда жайгашкан Манас айылын таанылгыс кылып өзгөрттүк. Ал жерде Өзбекстандын жараны болгон этникалык кыргыздар жашайт. Биз Кыргызстандын президентинин мамлекеттик визитин ишенимди, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө кадамы катары кабыл алдык.

Эки өлкөнүн мамилеси Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшырган. Учурда көп тараптуу кызматташтык жана достук байланыш бар.

Экономикалык алакага токтолсок, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2020-жылы 341 млн долларды түздү. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Бирок түзүлгөн келишимдер көп учурда кагаз жүзүндө калып калары, бардык эле сүйлөшүүлөрдө куру убадалар айтылары жашыруун эмес. Өлкөдөгү саясий туруксуздук, кадрдык алмашуулар ишкер чөйрөсүнө чоң кедергисин тийгизет.

2018-жылдан бери Өзбекстандан кондитердик азыктарды импорттоп иштеген жеке ишкер Эрлан Сеиткулов Өзбекстан менен кызматташууда туризм, сүт азыктары, бал, эт азыктары жана текстиль тармагына артыкчылык берүү керек деп эсептейт.

Ишкердин баамында, Өзбекстан 2017-жылдан бери тездик менен өнүгүүдө. Кыргыз ишкерлери ал жактан иш ачууга кызыкдар. Ал үчүн ассоциация ачып, аларга кепилдик түзүп берүүгө мамлекет көмөктөшүүсү зарыл. Кыргыз-өзбек бизнес биримдигин түзүү сунушу ЖИА бизнес ассоциациясында анализденип, пландары иштелип жатат.

Кыргыз-өзбек бизнес ассоциациясын түзүү сунушталды

— Мен 2018-жылдан бери Өзбекстандан кондитердик азыктарды импорттоо менен алектенем. Бирок өлкөбүздөгү экономикалык жана саясий туруксуздуктан улам жумушубузга бир канча тоскоолдуктар жаралды. Маселен, пандемия жана доллардын курсунун эбегейсиз көтөрүлүшү бизди эле эмес, жалпы ишкерлерди аксатып койду.

Өзбекстан акыркы жылдарда, тагыраагы, 2017-жылдан тарта бардык тармакта абдан өнүгүп келе жатат. Мына ошол себептен биздин кыргыз ишкерлер учурда Өзбекстанга барып, бизнес кылууга кызыкдар. Мен Кыргызстандагы ЖИАнын (Жаш ишкерлер ассоциациясы) алкагында кыргыз-өзбек ишкерлер ассоциациясын түзүүнү сунуштап жатам. Президентибиз бизди Өзбекстандын базарына да киргизип, ушул багытта колдоо көргөзсө жакшы болот.

Учурда ассоциация түзсөк деген сунушту пландоо жана анализдөө процессин жүргүзүп жатабыз. ЖИА бизнес ассоциациясы марттын аягында Өзбекстанга иш сапар уюштурууну пландап жатат. Ошондо бул долбоор эки тараптуу талкууга алынат.

Биздин ишкерлер ийгиликке жетиши үчүн чоңураак рынокко чыгышы керек жана биз үчүн эң эле пайдалуу өлкө Өзбекстан болуп жатат. Бир гана импорт эмес, экспортту да көбөйтүп, кыргыз ишкерлерин Өзбекстанда да иш алып баруусуна колдоо көрсөтүп, кепилдик түзүп берсек, бул тармакта бир топ ийгиликтер жаралат жана ишкерликке да кызыгуу артат.

Мен пандемиядан кийин Өзбекстанга барып, алардын бардык тармакта өнүгүп жатканына күбө болдум. Биз Өзбекстандан 5-6 жыл артта калыптырбыз. Бул деген ошол жакка барып бизнес кылууда биздин ишкерлерге абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтсак болот.

Ошол эле учурда, өлкөдө саясий маселелер көңүл чордонунда болуп, жогорку бийлик бутактары өз позициясын бекемдөөгө умтулуп, ишкердикти өнүктүрүү көлөкөдө калып жатканы калп эмес.

Бизнес өкүлдөрү ишкердикти өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар катары – аткезчилик, өкмөттөгү кадр туруксуздугу, аткаминерлердин ишкердиктин өнүгүшүнө болгон кайдыгерлигин эсептешет.

— Азыр ишкерликтеги тоскоолдуктардын эң эле маанилүүсү – аткезчилик. Контрабанда жолу менен алынып келип жаткан товарлар эч кандай салык төлөбөйт жана ачык-айкын, мыйзамдуу иштеген ишкерлерге абдан залакасын тийгизет. Президенттин кошуна өлкөлөр менен эң эле биринчи чече турган маселеси — ушул аткезчиликти жоюу болушу керек. 1-2 жылдан бери аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү абдан катуу жүрүп жатат дегени менен, андан да маанилүү болгон маселеге көңүл бурулбай жатат. Бул эки өлкөнүн тең экономикасына бир топ зыян келтирди. Биз жөнөкөй эле кондитердик азыктарды алып келүүдө 12% кошумча нарк салыгын төлөсөк, аткезчилик кылгандар чек арачыларга 200-300 доллар берип, ишин улантууда.

Аткезчиликти жоюунун жолдору 

— Аткезчилик боюнча биринчи сунушум, өлкөнүн бажы тармагын санариптештирүү керек. Өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин бул боюнча пландары бар, бирок батыраак ишке ашыруу зарыл.

Ошондой эле бажыда эски кызматкерлердин көпчүлүгү коррупциялык системага көнүп алгандар. Аларды алмаштырып, жаңы жоопкерчиликтүү кадрларды алып келүү керек. Мунун баары — санариптештирүү процессине кошо ишке ашырылышы керек болгон маселе. Мына ошондо гана коррупциянын эң чордону чечилген болот эле. Антпесе бажыда мыйзамдуу иш алып барышы керек болгондор бири-бири менен жашыруун «табакташ» болуп алышкан.

Бирок айта кетчү нерсе, санариптештирилгенден кийин деле, адамдан амал качып кутулбайт, товардын баасын аз кылып көрсөтүп, салыктан качышат, болгону аткезчилик жоюлбайт, бирок азаят. 

Кыргызстан менен Өзбекстан суу жана энергетика тармагында тыгыз кызматташат. Өзбекстандын өзүндө суу ресурстары аз болгондуктан, газдан электр энергиясын чыгарууга маани берип жатышат. Бул максатта Япониялык «Mitsubishi» компаниясы менен чоң станция курду. Анын кубаттуулугу Кыргызстандагы Токтогул ГЭСине барабар.

Мындан тышкары, Орусия менен атомдук электр станциясын куруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Акыркы жылдары кыргыз ишкерлери да энергетика багытында коңшу мамлекет менен активдүү иштешип жатат.

Энергетик, «Бишкекэлектро» фирмасынын жетекчиси Залкарбек Жумашов чоң холдингдер Кыргызстанда эмне себептен завод-фабрикаларды курбай жатканын мындай түшүндүрдү.

— Кыргызстандык ишкерлер Германия, Беларусия, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүндө иш ачууга көбүрөөк көңүл бурат. Себеби ишкер үчүн коопсуздук, туруктуулук жана ишеним маанилүү. Бизде болсо эң көп беш жылга эле кепилдик бар. Мына азыр «Тойбосс» компаниясы тобокелчиликке барып заводун ачып жатат. Бирок көпчүлүк ишкерлер саясий туруксуздук, кадрлардын тынымсыз алмаша бергенинен улам өлкөдө бизнес жүргүзүүдөн чочулашат. 

Мындан төрт жыл мурун өзбек тарап Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдогон. Президенттердин бул жолку сүйлөшүүсүндө туруктуу, узак мөөнөттүү механизмдерди иштеп чыгуу тууралуу макулдашылды.

Президент Садыр Жапаров кызматка киришкенде алгачкы чет элдик сапарын Москвадан баштап, Казакстанга, Өзбекстанга барып келди. Эми кезектеги сапар Түркияга жасалары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM