Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келген 548 миң сомдук жумуртка кармалды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 627 | 0

Ош облусунда «Г.Б.Б.» аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы «Mersedes-Benz-312» автоунаасын текшерүү учурунда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тооктун жумурткасы табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жумуртканын жалпы наркы 548 миң 625 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM