Биз менен байланышыңыз

Айран менен ылайдан мыкты сүрөт жараткан талант (видео)

Билим-маданият , Коом | 14 Мар 2021 | 4241 | 0

Өлкөдө өзгөчө талантка ээ, бир эмес, бир нече өнөрдү бирдей аркалап жүргөн жаштардын саны арбын. Алардын бири — сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов.

Төлгөбек кыргыз сүрөт өнөрүнө жаңы ыкма киргизип, кездеменин бетине айран жана топурак менен сүрөт тартып, элди таң калтырды. Мындай ыкманы тандап алганынын себеби да жөн жерден эмес. Айылда боз топурак менен ойноп чоңойгон сүрөтчү бала кезинен эле калем менен достошкон. Анын чыгармаларында кыргыз дүйнөсүнө болгон патриоттук сезим байкалып турат.

Төмөндөгү видеодон көрүнүп тургандай, айран менен залкар манасчы Саякбайдын сүрөтүн тарткан. Ал боюнча автор мындай дейт:

«Видеодо Саякбай атабыз айтып жаткан «Манастын» бир каарманы кайтып келип, манасчынын элесин түшүрөт. Кыргызда «акты жерге төкпө» деген ыйык, бийик түшүнүк бар. Негизи эле сүткө, айранга болгон мамиле абдан бийик. Ошол үчүн бийик нерсе менен ушундай улуу инсандын элесин түшүрүү идеясы пайда болду. Портретти эки сааттын аралыгында тарттым. Азыр ал «Саякбай манасчы» фондуна белекке берилди».

Көп кырдуу талант ээси Төлгөбек залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин, атактуу киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун да сүрөттөрүн ылай менен кездемеге түшүргөн.

Ошондой эле анимациялык тасмаларды жаратып келет. Анын бири — «Аку» мультфильми. Режиссер бул мультфильм аркылуу азыркы көпчүлүк жаштардын тагдырын көрсөткөнүн айтат. Тасма жергиликтүү жана чет өлкөлүк сынактарда бир топ байгелерди багындырып, Президенттин «Ардак грамотасын», «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгынын «Мыкты сүрөтчү» номинациясын алган.

Сүрөтчүнүн анимациялык сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып келет. III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын тумарына айланган ак илбирс сүрөтүнүн автору да — дал ушул Төлгөбек Койчуманов.

Ал 2010-жылдан бери кыска видеолор аркылуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү тамашага салып, элге тартуулап келет. Аны «Коб» деп атап коёт. «Коб» — эл ичиндеги орой сөздүн тескери окулушу.

Төлгөбек чыгармачылыкта ар дайым жаңылык киргизүүнүн үстүндө иштейт. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Авазбек Апиев Төлгөбек Койчумановдун калыпка салынып калган көз караштарды бузуудан коркпогону менен айырмаланып турарын белгилейт.

«Сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар, деги эле ар кайсы тармактагы адамдардын «рамкасы» болот. Ошол рамкадан чыгып, азыр жаңы ыкмаларга өтүүдө. Көнүмүш боёкторду колдонбой, карандаш, графика колдонбой, өзүнүн изденүүсү менен топурактан, айрандан жаңы бир башкача чыгарма жаратып жатат. Төлгөбек изденүүдө, дагы да изденип жатат. Биз буйруса мындан башка да чыгармаларды күтөбүз».

Төлгөбек Койчумановдун чыгармачылык жолунда тапкан жакын санаалашы Нурлан Турдукулов сүрөтчүнүн өзгөчө адамгерчилигине баа берерин айтты.

«Таланттуу жигиттин сүрөтчүлүктөн башка көптөгөн таланттары бар. Мен негизи Төлгөбектин адамдык сапаттын баалайм. Абдан жөнөкөй, ар дайым жайдары жүргөн, кабагы жарык жигит. Кайсы гана адам болбосун, ал адамга жүрөгүн ачып, жакшы баарлашат. Мен бир чети ошол мүнөзүн барктап, баалайм, ал тургай суктанам». 

Учурда Төлгөбек Койчуманов сүрөтчүлүк менен кошо тасма талаасында да эмгектенет. Бул жаатта ал «Саякбай», «Курманжан датка» сыяктуу бир катар тасмаларда сүрөтчү-декоратор милдетин аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM