Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң ири алтын кени Өзбекстанда жайгашканы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 2657 | 0

Өзбекстандагы «Мурунтоо» дүйнөдөгү эң ири алтын кени деп табылды. Бул тууралуу «Кун.уз» сайты жазды.

«Kitco» компаниясынын адистери 2020-жылы алтын кендерине рейтинг жүргүзгөн. Ага ылайык, жылына 2 миллион унция же 57 тоннага жакын алтын өндүргөн Өзбекстандын Навои облусундагы «Мурунтоо» кени биринчи орунду ээледи.

Адистердин баамында, «Мурунтоодогу» алтындын запасы 150 миллион унциядан ашат. Кендин узундугу 3,3 км, туурасы 2,5 км жана тереңдиги 600 метр.

«150 миллион унциядан ашуун запасы бар «Мурунтоо» жакынкы келечекте дүйнөдөгү эң ири алтын кен макамын сактап калат», — деп айтылат билдирүүдө.

«Мурунтоо» кени 1958-жылы советтик геофизиктер Юрий Мордвинцев жана Петр Храмишкин тарабынан ачылган. 1969-жылы бул жерде өнөр жайлык алтын казуу башталган.

Рейтинг боюнча кийинки орунда АКШдагы «Карлин» жана Орусиядагы «Олимпик» алтын кендери турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM