Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн ишкерлери үчүн 50 миң долларлык конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 787 | 0

Ысык-Көл облусунун ишкерлери 50 миң долларга чейинки инвестициялык долбоорго катыша алат. Долбоор Европа Биримдиги жана «Ага Хан» фонду тарабынан каржыланат.

«Икселерейт просперити Азия» долбоору ишкерликти өнүктүрүүгө жана айыл жергесиндеги калктын экономикалык кубатын жогорулатууга багытталган.

Бизнес долбоорго катышуу үчүн Ысык-Көл облусунун жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм, маалымат технологиялары, билим берүү, медицина тармактарында иш алып барган чакан жана өсүп келе жаткан ишканалар катыша алат.

Негизги критерийлер:

-бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу керек;

-жылына 350 миң сомдон кем эмес кирешеси болуусу;

-командада экиден кем эмес адам болушу шарт.

Тандалып алынган компаниялар эки айга чейинки программага катышат. Анда ишкерлер адам ресурстарын башкаруу, экспорт стратегиясы, каржы жана бизнес моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча окуутудан өтөт.

Трекинг системасы ишкерлерге окутуу учурунда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга, ошондой эле бардык командалардын прогрессин көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берет.

Катышуучулар өз бизнес-пландарын инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго сунуштайт. Программаны ийгиликтүү аяктаган компаниялар долбоордун бүтүрүүчүлөрү катары ресурстардын баарын колдоно алат.

Ошондой эле инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү болуп тандалган ишканалар «Accelerate Prosperity» уюму тарабынан 50 миң долларга чейинки инвестиция жана техникалык колдоого ээ болот.

Катышууну каалаган ишканалар онлайн-анкета толтурушу керек  – https://kg.accelerateprosperity.org/bishkek2020

Арыздар 2021-жылдын 10-апрелине чейин кабыл алынат.

Акселерациялык программа жана катышуу шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты бул жактан алса болот:

http://kg.accelerateprosperity.org/, Фейсбук — Accelerate Prosperity Kyrgyzstan, Инстаграм: @ap_kgz.

Аталган долбоор алгач Жалал-Абад облусунда ишке ашырылды. Конкурска 190 ишкер катталып, анын ичинен 29 компания тандалган. 5-мартта ишкерлер өздөрүнүн долбоорлорун инвесторлордун алдында көрсөтүп беришкен

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM