Биз менен байланышыңыз

Баш байгеге батир. Ошто мектеп мугалимдери арасында сынак башталды

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 822 | 0

Ош шаарында мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

10-мартта Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов мектеп директорлору жана мугалимдери менен жолугушуп, сынактын шарттарын түшүндүрүп берди.

Демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектер берилет:

Баш байгени жеңген мугалимге «Эмаком» курулуш компаниясынын атынан батир;

1-орунга «Визион» курулуш компаниясынын атынан автоунаа;

2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина;

3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч;

4-орунга «Карс» такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо берилет.

Мындан тышкары сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор тапшырылат.

Кызыктыруучу сыйлыктарга Ош шаарынын мэриясынан тышкары «Кудайберди» базары, Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти, Борбордук базар, «Атабек», «Исламбек», «Кут ордо» кафелеринин ээлери демөөрчүлүк кылышкан.

Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептин мугалимдери катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM