Биз менен байланышыңыз

Таиланддын премьер-министри жакпаган суроосу үчүн журналисттерге антисептик чачты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 764 | 0

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча басма сөз жыйыны учурунда залда отурган журналисттерге антисептик чачты. Ал журналисттердин биринин суроосуна ачууланып, ушундай аракетке барган.

Окуянын видеосун «The Sun» маалымат агенттиги YouTube каналына жарыялаган.

«Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча министрлер кабинетиндеги соңку жаңыланууларга байланыштуу суроолордон качуу максатында журналисттерге антисептик чачты», — деп айтылат видеодо.

Журналисттин өкмөттө боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө суроосу премьер-министрге жаккан жок. Журналист алмаша турган министрлердин аты-жөнүн атоону суранган. Андан кийин ал орой мамиле жасап, залда отурган кабарчыларга антисептик чачып, аларды «өз жумуштарын аткарууга» үндөп, ашыкча суроо бербөөгө чакырган. Маалым болгондой, февраль айында Таиланд өкмөтүндөгү үч министр кызматтан алынган.

Жергиликтүү маалымат булактары белгилегендей, Таиланддын премьер-министри өзүнүн өзгөчө аракеттери менен таанымал. Чан-Оча 2014-жылдагы аскердик төңкөрүштү жетектеп, андан кийин 2019-жылы өткөн парламенттик шайлоодо өкмөт башчылыкка келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM