Биз менен байланышыңыз

Түрк министри Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушат

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 665 | 0

Бүгүн, 10-мартта Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Бишкекке расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн эки өлкөнүн министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны өтөт.

Түрк министри ошондой эле өлкө жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Анда кыргыз-түрк мамилелери, буга чейин жетишилген келишимдер, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM