Биз менен байланышыңыз

Финполициянын жоюлушуна байланыштуу комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 442 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) жоюлушуна байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, комиссия мекеменин иштен бошогон, ишсиз калган кызматкерлерине жөлөк пул же башка акыларды мыйзам чегинде төлөтүп берүү, мекеменин мүлкүнө каттоо жүргүзүү, дебитордук карызын өндүрүү, кредиторлор менен эсептешүү, мекеме тарабынан каттоого алынган кылмыш иштерин жана материалдарды тиешелүү органдарга өткөзүп берүү сыяктуу иштерди жүргүзөт.

Ошондой эле атайын комиссияга бошогон кызматкерлердин башка тармактарга ишке орношуусу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына кайрадан окутуу сунуштарын берүү, мамлекеттик кызматкерлердин балансын түзүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 5-мартында өкмөт башчы Улукбек Мариповдун токтому менен менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жоюлуп кеткен.

Финансы полициясы жоюлду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM