Биз менен байланышыңыз

Финансы полициясы жоюлду

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 920 | 0

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДӨнүн 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет», — деп айтылат Өкмөттүн маалыматында.

Өкмөттүн билдирүүсүндө аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоочу фунцияларды гана аткарып калганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM