Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 777 | 0

Президент Садыр Жапаров  11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев айтты.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

— Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM