Биз менен байланышыңыз

Непалдан Кыргызстанга чейин: дүйнө 8-мартты кандай белгиледи?

Блог , Сүрөт | 9 Мар 2021 | 28353 | 0

8-мартта дүйнө жүзү боюнча, Непалдан тартып Кыргызстанга чейин, аялдардын укугун коргоо боюнча акция өттү.

Andre Malerba / ZUMA / Scanpix / LETA
Бангкок шаарында жөө жүрүшкө чыккандар жумуш орундарында болгон гендердик кысымдарды (харассмент) жана жалпы зомбулукту чагылдырган плакаттарды алып чыгышты. Ошондой эле бир канча демонстранттар, анын арасында эркектер да, энелик укуктарды коргоо боюнча суроо жараткан маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдурган. Бир гана плакаттар менен эмес, айрымдары атайын жүрүшкө ылайыкталган кийимдер менен чыгышты.
Claudio Cruz / AFP / Scanpix / LETA
Мехикодо 8-мартта Улуттук сарайдын алдында кыйраткыч “вандализмге” каршы атайын тосмо орнотулду. Ал тосмого болсо фемициддин курмандыктары, гендердик теңсиздиктин айынан аял болгону үчүн эле өлүмгө дуушар болгон аялдардын аты-жөнү жазылды.
Claudio Cruz / AFP / Scanpix / LETA
Мехикодогу жөө жүрүштүн катышуучусу Улуттук сарайдын алдына тосулган тосмого фемициддин курмандыгы болгон аялдын атын жазууда.
Марш в Павел Михеев / Reuters / Scanpix / LETA
Алматыда гендердик теңдикке болгон аялдардын жөө жүрүшү. Анын катышуучулары “Ар бир аял маанилүү”, “Казакстанды феминизм  куткарат” деген ураандар менен чыгышты.
Erika Santelices / AFP / Scanpix / LETA
Доминика Республикасынын борбор калаасы Санто-Доминго шаарында жайгашкан Конгресстер сарайынын бет маңдайында аялдардын укугун коргоо акциясынын катышуучусу.
Arnd WIegmann / Reuters / Scanpix / LETA
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Цюрих шаарындагы Swissmill имаратына  «Швейцарияда ар бир бешинчи аялга сексуалдык зомбулук көрсөтүлөт» деген жазууну чагылдырууда.
Jack Guez / AFP / Scanpix / LETA
Тель-Авивада аймактык соттун имаратынын жанында аялдар табыттын ичине жатып, үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болгон аялдардын образын чагылдырышты.
Rodrigo Sura / EPA / Scanpix / LETA (слева) и Marvin Recinos / AFP / Scanpix / LETA (справа)
Сан-Сальвадордогу жүрүштө аялдар фемицидке каршы үлпөт той көйнөк кийип чыгышкан.
Thomas Samson / AFP / Scanpix / LETA
Париждеги Республикалык аянтта митинг учурунда Femen кыймылынын катышуучусу “Келечек феминисттерге” деген ураан менен аялдардын укугун кеңейтүү керектигин көрсөтүүдө.
PA Wire/PA Images / Scanpix / LETA
Лондон милициясы айрыкча аялдар дуушар болгон тоноочулукка жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча алгачкы иш-чарасын уюштурду.

Juan Manuel Serrano Arce / ZUMA / Scanpix / LETA

Испаниянын Сантандер шаарында Bicicletada Feminista аталышындагы аялдар велосипед жүрүшү.

EPA/SEDAT SUNA / Scanpix / LETA
Стамбулда аялдарга болгон зомбулукка каршы акциянын катышуучулары. We ll Stop Femicide кыймылынын маалыматына ылайык 2020-жылдын эле статистикасында Түркияда эркектер тарабынан 335 аялга кол көтөрүү жана адам өлтүрүү фактысы катталган.
REUTERS/Navesh Chitrakar / Scanpix / LETA
Непалдын борбору Катмандуда аялдарга болгон зордук-зомбулуктун көбөйүүсүнө каршы иш-чара.
Arif Ali / AFP / Scanpix / LETA
Пакистандын Лахор шаарында “патриархат пандемиясына” каршы жүрүш. Протестчилер сексуалдык зомбулук көргөндөрдүн окуялары жазылган «MeToo жуурканын» алып келишти. Ошондой эле, аялдарга зордук-зомбулуктун айланасындагы баардык терс көрүнүштөрдү кийимдерге жазышып, көчөнүн ар кайсы жерине илишти.
Эмілія Плятэр
Минск шаарында “Белорус аялдарына болгон репрессияга каршы” деген көрүнүштө кара кийим кийген активист. Акциянын бул катышуучусу аялдардын жүрүшүндө массалык башаламандык катары бааланып, кармоо болгон жерден сүрөткө тартылган.

Давид Френкель

Петербургдагы акция. Анын катышуучулары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы жана саясий туткундарды бошотуу боюнча мыйзам кабыл алуу талабын коюшту.
Давид Френкель
Петербургдагы гендердик басмырлоого, үй-бүлөлүк жана милициянын зомбулугуна каршы, ошондой эле, косметиканы жана аялдардын баардык буюмдарын каалагандай колдонуу укугун колдогон пикет.

Бишкектеги аялдардын укугуна арналган митинг.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM