Биз менен байланышыңыз

Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 637 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон чатакка байланыштуу атайын комиссия түздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын курамына бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирген. Алар 10 жумушчу күндүн ичинде жагдайды бейтарап жана кылдат карап чыгып, андан ары чечим кабыл алуу үчүн иликтөөнүн корутундусун театрдын жетекчилигине жөнөтөт.

Эскерте кетсек, 6-мартта опера жана балет театрында «Лебединое озеро» спектакли коюлмак. 17:00дө баштала турган спектакль өз мөөнөтүнөн кыйла кечигип, соңунда 40 мүнөт өткөндөн кийин жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, орусиялык артисттер менен иштешпей турганын айтышып, көрөрмандардан кечирим сурашкан.

Кийинчирээк маалым болгондой, чыр-чатак эмгек акыга (гонорар) байланыштуу чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM