Биз менен байланышыңыз

Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүүдө (видео)

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 1016 | 0

Бүгүн, 9-март саат 11.00дө Ак үйдүн алдында Конституцияга каршы тынчтык митинги өтүүдө. Митингди уюштуруучулардын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов «Маралдын» кабарчысына маек берди.

Анын айтымында, парламент жалпы кыргыз элин алдоо жана кылмыш жолу менен мыйзам кабыл алып, Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарганы калышты. Президент Садыр Жапаров адилеттүү жана жоопкерчиликтүү башкарууну убада кылган, бирок анын бири да аткарылган жок. Эгерде азыркы парламенттин Конституциясы өтүп кете турган болсо, Кыргызстанда толугу менен монархиялык жана авторитардык режим түзүлөт. Бул жакынкы келечекте сөз эркиндиги, дин эркиндиги, адам укуктарына чектөө жарыяланып, бийлик толугу менен бир адамдын колуна өтөт дегенди түшүндүрөт.

Тынчтык митингинин негизги талаптары:

  • Конституцияга каршыбыз;
  • Легитимсиз парламент таркасын;
  • Президент тез арада парламенттик шайлоону жарыяласын;
  • Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун.

Эске салсак, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолгон. Анда депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина, Жанарбек Акаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков сунушталган Башмыйзамдагы кемчиликтерди санап, жаңы долбоордун авторлорун ачыкка чыгарууну талап кылышкан. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүгө 96 депутаттын 87си макул, 9у каршы добуш берип, мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM