Биз менен байланышыңыз

Элет жергесиндеги аялдар өндүргөн товарларын мобилдик тиркеме аркылуу сата алышат

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 659 | 0

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда «Ишкер аялды колдо» акциясы башталды. Эки айга созулган акциянын максаты — айыл жергесиндеги аялдар арасындагы ишкерчиликке коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын өндүрүмдөрүн, кызматын сатып алуу менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Уюштуруучулардын айтымында, эки айдын ичинде айыл жеринде аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүүнү колдоого чакырган бир катар иш-чаралар пландалууда.

«Айым баштайт» уюмунун жетекчиси Асел Кубанычбекованын айтымында, социалдык тармактарда «Ишкер аялды колдо» аталышында флешмоб өткөрүлөт. Анда айыл жериндеги ишкер аял өзүнүн баяны жана товар өндүрүмүнүн видеосу менен бөлүшүп, эстафетаны башка ишкер аялдарга жөнөтөт.

«Мындан сырткары айыл жеринде өндүрүлгөн ишкер аялдардын товарларын сатуу аянтчалары Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуп, ал жактан бир аптанын ичинде алардын кызматын жана товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деди Кубанычбекова.

Ал ишкер аялдардын товарларын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарын кошумчалап, андагы сатып алууларды онлайн түрүндө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздаларын белгиледи.

Иш-чарага Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков да катышып, ал баштап турган министрлик аймактарды өнүктүрүү ишинде аялдардын күчүнө таянарын айтып кетти.

«Мен сиздерге министрликтин жетекчиси катары айткым келет: аялдар, айымдар, экономикада да, саясатта да, соцтармактарда да — бардык жерде барсыздар. Сиздер болгон жерде ийгилик бар, сиздердин мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролуңуздар чон. Айыл чарба министрлиги көбүнесе сиздерге таянат, себеби айыл чарба өндүрүшүндө, кайра иштетүүдө да сиздер барсыздар, аялзаты!», — деди Жаныбеков.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелло аялдардын пандемия учурунда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ар бир өлкөдө, ар бир коомдо айымдарды ар тараптуу колдоо абдан маанилүү. Аялдардын ролун алып салсак, өлкөнүн өнүгүүсү 60-70 пайызга басаңдай түшүп, кайрадан мурдагы абалга келүү абдан кыйын болот. Бүгүнкү иш-чарага мамлекеттик кызматкерлердин келип турганы өлкөдө аялдарды колдоо канчалык деңгээлде маанилүү экендигинен кабар берет. Өзүңүздөр билгендей, пандемиянын кесепеттери азырынча токтой элек. Ошондуктан биз бул жерге айымдарды 8-март майрамы менен куттуктоо үчүн гана келген жокпуз. Ковид учурунда медицина кызматкерлери катары, мугалим катары, активист катары айымдар алдыда туруп, илдет менен күрөшүүдө чоң салым кошту. Аялдардын бул эмгеги үчүн ырахмат айтуу үчүн да келип олтурабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдан берки маалыматына ылайык, 26 пайыздын тегерегинде аялдар жакырчылыкта. Алардын 64 пайызы айыл жеринде жашайт, болгону 32,7 пайыз гана аялдын иши бар.

Copyright © 2017 Maral FM