Биз менен байланышыңыз

Белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 468 | 0

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын «Достук» орденинин ээси, белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди.

Бул иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган үч маанилүү датага карата уюштурулду. Алар:

-СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;

-Кыргыз киносунун түптөлүшүнүнүн 80 жылдыгы;

-«Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин жана Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы;

Аталган иш-чара, Презитенттин «Манас» камералык оркестринин аткаруусундагы чыгармалар менен ачылып, Айтурган Темирова өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы боюнча айтты. Ошо менен бирге күйөрмандарынын кызыктырган бардык суроолоруна жооп берди. Ошондой эле салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан Айтурган Темированын атынан коюлган «Айтурган» ысымдуу кыздар чакырылып, аларга белгилүү актрисанын атынан атайын баалуу белектер берилди.

Андан сырткары кыргыз киносунун өтмүшүн жана Болотбек Шамшиев менен Айтурган Темированын чыгармачылыгын чагылдырган сурөт көргөзмөсү ачылды. Бул сүрөт көргөзмөсү бир ай бою Дордой Плаза соода, оюн-зоок борборунда уланмакчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM