Биз менен байланышыңыз

Франция Айтурган Темировага Искусство жана адабият орденинин офицери наамын берди

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 900 | 0

Франция Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темировага «Искусство жана адабият орденинин офицери» наамын берди. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Такталгандай, аталган сыйлык Темированын 50 жашка толушуна карата ыйгарылган.

Искусство жана адабият ордени — Франциянын Маданият министрлиги тарабынан берилүүчү сыйлык.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2001), III даражадагы «Манас» орденин сыйлануучусу (2021), Казакстандын III даражадагы «Достык» орденинин сыйлануучусу Айтурган Темирова 1958-жылы Кытай жергесинде туулган. 1961-жылы Кыргызстанга көчүп келип, 1971-1974-жылдары М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, 1974-1976-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган.

Темированын кинодогу карьерасы 1972-жылы 16 жашында белгилүү режиссёр Болот Шамшиев тарткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминде Калыйчанын ролун ойноо менен башталган. Бул ролу үчүн 1973-жылы Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгын алган.

Ал 40тан ашуун киного тартылган: Гүлжамал («Ак кеме», 1975; «Эл арасында», 1978), Сарыгулдун аялы («Эрте келген турналар», 1979), Ажар («Бөрү зындан», 1983), Алия Молдогулова («Снайперлер», 1986), Гүлжан («Фудзиямадагы кадыр түн», 1988), Сабина («Заговор», 1989), Токол («Кара кыз», 2005) ж. б.

1999-жылдан Чехиянын Брно шаарында жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM