Биз менен байланышыңыз

Covid-19 пандемиясынын аялдарга тийгизген таасири

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 706 | 0

Коронавирус пандемиясы айрыкча аялдарга терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын гендердик теңчилик боюнча отчетунда айтылат.

Маалым болгондой, пандемия аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздикти күчөткөн. Мындан улам:

  • үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөгөнү байкалган;
  • медициналык жана социалдык кызматкерлердин 76%ын, санитардык кызматкерлердин 86%ын аялдар түзөт. Пандемия ушул тармакта иштеген аялдарды болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкка кептеп, ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына терс таасирин берген
  • Аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон (тейлөө, соода сыяктуу) тармактардагы аялдарга да олуттуу коркунуч жаралган.

«Covid-19 кризисинин аялдардын жашоосуна болгон ченемсиз таасирине карабастан, биз бул кырдаалды мүмкүнчүлүк катары колдонушубуз керек. Биз күч-аракеттерибизди күчөтүп, өнүгүүнү улантууга чечкиндүү кадам таштайбыз жана терс таасирге жол бербейбиз», — деди Евробиримдиктин теңчилик маселелери боюнча комиссары Хелена Далли.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM