Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирус пандемиясы бүттү деген өлкөлөр боюнча тынчсыздануусун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 483 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көпчүлүк элдер жана мамлекет башчыларынын коронавирус пандемиясын бүттү деген түшүнүгү боюнча тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан маалымдады.

Райан бул нерсе андай оңой эместигин, эгер Жер эли сактанбаса алдыда коронавирустун үчүнчү, төртүнчү толкундарына кабылуу ыктымалдуулугу бар экендигин эскертти.

Анын айтымында, көпчүлүгү вакцина чыкканына ишенип сактануунун кереги жок деп эсептеп алышат. Бирок бул нерсенин аягы жакшы болбой калышы мүмкүндүгүн айтат.

Ал коронавирустун, анын ичинде жаңы штаммдардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча коомдук иш-чараларды кылдаттык менен сактоого үндөдү.

Буга чейин ДСУнун Европадагы Аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы 2021-жылдын соңуна чейин созуларын жана 2022-жылдын башына чейин бүтөт деген күтүүлөр бар экендигин айткан. «Бирок, бул вирус толугу менен жок болот дегенди билдирбейт»,- дейт Райан.

Израиль коронавирусту жеңип чыкканын жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM