Биз менен байланышыңыз

Израиль коронавирусту жеңип чыкканын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 441 | 0

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө коронавируска каршы тез жана таасирдүү эмдөө кампаниясынын натыйжасында коронавирусту жеңип чыккан дүйнөдөгү биринчи өлкө болгонун жарыялады.

«The Times Of Israel» гезити билдиргендей, Нетаньяху коронавируска каршы эмделгендерге берилген «жашыл COVID паспорттору» жөнүндө маек курган.

«Израиль таажы вирусунан чыккан биринчи өлкө болду. Ушул «жашыл паспорт» менен ресторандарга, театрларга, спорттук иш-чараларга барууга болот», — деди Нетаньяху.

Анын айтымында, Израиль марттын аягына чейин өлкөнүн бардык улуу муундагы калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүп, чек араларын апрелге чейин толугу менен ачууну пландап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM