Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Соттор ар бир мыйзамсыз чечими үчүн жооп берет

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 629 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды бекем кармап, таза жана акыйкат иштөөгө чакырды.

Ал мындан ары бийлик түзүмдөрүнөн судьяларга эч ким эч кандай көрсөтмө бербестигине кепилдик берди. Ошол эле учурда аларга коюлган талап күчөтүлөрүн, ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башы менен жооп берерин эскертти.

«Бүгүнтөн баштап мен өзүм сиздерди коргоп, сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эрктүүлүгүңөрдү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү менен кысым болбосун, каршылык кылып, бекем туруп бергиле!», — деп Жапаров.

Садыр Жапаров судьялыкка тандалып жаткан талапкерлерге карата «укук тармагы жана сот өндүрүшү боюнча компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору болууга тийиш» деген принципти кармануу менен судьяларды тандоо тартибин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

Сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, судьялардын эмгек акыларын көтөрүү, социалдык кепилдиктерин камсыздоо, санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле башка алгылыктуу иштер болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM