Биз менен байланышыңыз

Үй шартында жасалган тамактын да зыяндуулары бар

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 950 | 1

Үй шартында жасалган тамак-аш сырттан сатып алганга караганда 100% пайдалуу деп ойлойсузбу? Тилекке каршы, кээде андай да болбой калат экен.

Айрым тамактар суукта жылынуу жана кара жумушта иштегендерге мүмкүн болушунча көбүрөөк энергия берүү максатында жасалат. Эми бизге мынчалык көп калориянын кереги жок, анткени организм «чыргоо» болуп калды, гастрит, жара, ич көбүү сыяктуу ашказан оорулары бир заматта пайда болот. Биз сиз үчүн үйдө жасалган эң зыяндуу тамактарды топтодук, ден соолугуна кам көргөн ар бир адамга зыяндуу тамактардан оолак болууга кеңеш беребиз.

Солянка

Солянка — орус ашканасындагы эң зыяндуу шорпо. Бирок биз: «Шорпонун бардык түрү демейки шартта ден соолукка пайдалуу», — деп ойлогонго көнүп калганбыз! Антсе да, солянканын курамын эсиңизден чыгарбаңыз: колбаса, тоок эти, ышталган эт, ветчина, эт бульону, туздалган бадыраң, өлчөмүнөн ашыкча туз, май — жалпысынан пайдалуу нерсе жок. Ооба, тамактын курамына пияз, лимон, зайтун жана чөптөр кошулат. Бирок алар жогорудагы азыктардын жанында өзүнүн маанисин жоготуп коёт.

Токочтор (пирожки)

Биз талашпайбыз, колдо жасалган токочтор даамдуу. Ошол эле учурда зыяндуу. Биринчиден, ачытылган камыры көбүрөөк зыяндуу. Эгерде сиз камырга жумуртка, май, шекер кошсоңуз, токочтун калориясы ого бетер көтөрүлөт. Экинчиден, токочтун ичин таттуу быштак, мөмө-жемиштер же кайнатма капуста менен толтурасыз. Буларга эт менен козу карын кошулганда, токочтун организмге сиңүүсүн кыйындатат. Үчүнчүдөн, токочту духовкага бышырганда, андагы азыктар пайдасын жоготуп коюшу мүмкүн. Ал эми майга куурулган токочтун даамы жакшы болгону менен зыяны да алда канча көп.

Куймак (блинчик) 

«Куймакта углеводдон башка башка эч нерсе жок», — дешет диетологдор. «Бир куймакта болжол менен 100 килокалория бар. Эгерде сиз ченем менен жүрсөңүз, жумасына эң көп дегенде эки жолу 2-3 куймак жесеңиз болот», — дейт диетолог Елена Ливанцова.

Куймактын ичиндеги азыктар: майлуу каймак, таттуу кыям, туздалган балык камыр менен айкалышканда, организмди «өлтүрөт». Ошол эле учурда өтө таттуу токоч организмдеги инсулиндин алмашуусун бузат.

Туздалган козу карын

Козу карын — өзү оор тамак. Ал сиңиши кыйын протеинден турат. Демек, организм укмуштуудай түйшүктү башынан өткөрөт. Кислота жана тузду ар бир ашказан көтөрө албайт.

Диетологдор козу карын шорполоруна этият мамиле кылуу керектигин айтышат. Ал стресстен чарчаган организм үчүн адам чыдагыс жүк болуп калышы мүмкүн.

Куурулган картошка

Бүгүндөн баштап куурулган картошканы унутуңуз. Албетте үйдө куурулган картошка фастфудга караганда, бир аз пайдалуураак. Бирок сыртта сиз азыраак көлөмдө жейсиз, тагыраагы, көрсөтүлгөн кызмат менен чектелесиз. Ал эми үйдө көмөч казанды кошо жесеңиз болот, эч ким чектебейт.

Картошка пюреси

Үйдөн жасалган зыяндуу тамак категориясында сүт жана май кошулган картошка пюресин бөлүп кароого болот. Картошкада крахмал бар, ал эми крахмал — бул бири-бирине байланган глюкоза молекулаларынын жыйындысы. Ашказанда бул молекулалар тез бузулуп, канга көп сандагы таза глюкоза кирет. Сүт менен майдын курамында сүт канты — лактоза бар. Натыйжада, кандагы инсулиндин алмашуусу начарлайт, бул семирип кетүүгө жана предиабетке алып келиши мүмкүн.

Салмак жагынан эч кандай көйгөй болбосо, картошка пюресин жашылча-жемиш менен айкалыштырып, айына 1-2 жолудан ашык эмес колдонуу сунушталат.

Майонез кошулган салаттар

Салат — пайдалуу, анткени ал диеталык тамактануунун негизи болуп саналат. Анткен менен салаттын баары эле пайдалуу боло бербейт. Маселен, «Оливье», «Мимоза» сыяктуу салаттардан баш тарткан деле дурус. Себеби алардын курамында кайнатылган жашылчалар бар жана гликемиялык индексинин деңгээли жогору. Тактап айтканда, бул азыктар кандагы канттын көлөмүн кескин көбөйтөт. Сельдде жана туздалган бадыраңда туз көп. Ошол эле учурда мындай салаттардын негизин түзгөн колбаса шектүү азык болсо, ал эми майонез май менен туздан даярдалат.

1 пикир

1 пикир

  1. Майрам

    09.03.2021 12:52

    Аябай пайдалуу болду

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM