Биз менен байланышыңыз

Калп айтуу да — оорунун бир түрү

Блог | 5 Мар 2021 | 629 | 0

Адам эмне үчүн жалган сүйлөйт? Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш дайым эле адамдын мүнөзү менен калыптанып, башкаларды таарынтуу же жеке максаттары үчүн пайдаланган адамдык сапаты болуп эсептелбейт. Патологиялык калпычылар — жалган сүйлөөдөн арылуу үчүн оңою менен күрөшө албаган сейрек кездешүүчү оорулуулар. Шизофренияга чейин жеткирген дарттын себеби эмнеде? Түркиялык «Сабах» басылмасында жарык көргөн макаланын котормосун сиздерге сунуштайбыз:

Алдамчылык оорусу деген кандай жана анын себептери эмнеде? Патологиялык жалганды кантип таанууга болот?

Калп айтуу – чындыктан качуу, атайын жалган билдирүү жасоо. Бул боло турган көйгөйдү жашыруу, сын-пикирлерден алыс болуу, адамдардын жакшы көз карашына ээ болуу же коркуу сезими астында колдонулган ыкма. Айрымдар жалган сүйлөөгө батынбаса, кээ бирөөлөр үчүн бул абал жүрүм-турумдун өнөкөт түрүнө айланып калган. Акыркы кезде мифомания термини же калп айтуу, чындыкты дайыма бурмалоо зарылчылыгын пайда кылган психологиялык абал коомчулугубузда көбүрөөк байкалып жаткансыйт. Бул патологиялык калпычылыктын күнүбүздө бир канча себептери бар, адамдардын көпчүлүгү бул жоругун мойнуна алгысы келбейт жана ошол себептүү муну дарылоо керек дегенден качышат. Патологиялык калп айтуу деген эмне? Анын себептери кандай? Бул ооруну кантип таанууга болот?

Күнбү же түнбү, айтор, күнүмдүк турмушубузда стресс көп болот. Айрыкча социалдык чөйрөнүн кысымы астында, же психологиялык ден соолукка байланыштуу адамдардын жашоосуна чоң таасирин тийгизген ар кандай көйгөйлөр көбөйүп баратат. Мифомания ооруга чалдыгуу тенденциясы деп аталат, ага көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Адамга көңүл буруу жетишпесе, өзүлөрүн маанилүү сезгиси келгенде же башкаларга таасирдүү болууну каалаганда калпты кошуп сүйлөшөт. Алар ар бир окуяны жана ар кандай кырдаалды жалган менен кооздоп, жадагалса калп айткандан ырахат алышат.

Калп айтуу да ооруга киреби?

Бизге кичинекей кезибизден «калп айтуу жакшы эмес» деп үйрөтүп келгенине карабастан, мезгил-мезгили менен калп айтып, ага акырындап көнүп алабыз. Кээде калп айтуу зарылдыгы катуу кысымдан, чечүүгө болбой турган апааттуу кесепеттерден же жөн гана жеке кызыкчылыктардан улам келип чыгышы мүмкүн. Мифомания — айрым кырдаалда гана калп айтуудан айырмаланган оору. Бул жөнөкөй адамдар сүйлөп келген «кадимки калптан» айырмаланып турат.

Патологиялык калпты кантип тааныйбыз?

Мифомания менен ооругандарды «мифоман» деп аташат. Адамдын мифоман экенин аныктоо үчүн оорунун белгилерин билишиңиз керек:

— Мифомандардын сөзү абдан ынанымдуу жана апыртылган болот. Алар адатта, болбогон окуялар жөнүндө чеберчилик менен сүйлөп, маектештерин бат эле ынандыра алышат.

— Мындай оорулуулар көп учурда калп айтып жатканын түшүнүшпөйт. Алардын элестетүү күчү менен жаратылган нерселердин бардыгы чын экенине ишенишет. Бул балдар үчүн — табигый нерсе, ал эми чоңдор үчүн — патологиялык илдет.

— Алар калп айтууга себеп жок болсо да, ага муктаж болушат.

— Алар көбүнчө мыкты оратор, чечен келет. Бул жагынан алганда, калп айтууга чебер болушат жана аны коркпой жасай беришет.

— Мифомания адатта, болжол менен 15-16 жаштан башталат, убагында дарыланбаса, өмүр бою коштоп жүрүшү мүмкүн.

— Мындай адамдар өзүнө көп зыян келтиришет.

— Алар өзүлөрүнө ишенишпейт, кала берсе, өзүнө өзү караманча каршы турушат.

— Калп айтпоого убада берсе да, баары бир аны аткарбайт.

— Мындай адамдар алдамчылыкка, уурулукка, жасалма документтерди жасаган кылмыштарга барышы мүмкүн.

— Алар өздөрүн мактаганды абдан жакшы көрүшөт, анын айынан үй-бүлөсү менен дайыма көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн.

Патологиялык алдамчылыктын себептери эмнеде?

Мифомания көбүнчө өспүрүм курагында, мүнөзү калыптануу учурунда башталат. 21-22 жашында диагноз коюлат. Оорунун негизги себеби: өзүн-өзү басынтуу жана өзүн-өзү сыйлабоо. Адамдар бул кемчиликтерин жоюу үчүн калп айтуу керек деп ойлошот. Ошол эле учурда, мифоманиянын негизги себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

— башкалардын ага болгон көңүл буруусун жетишсиз деп эсептөө синдрому;

— балалыгында зомбулукка көп кабылуу;

— өксүктүк комплекси;

— баңгизатка көз карандылыгы;

— биполярдык бузулуу;

— нарциссисттик инсандык бузулуу;

— обсессивдүү-компульсивдүү бузулуу;

— импульстарды көзөмөлдөө көйгөйлөрү.

Патологиялык калп айтууну дарылоо

Депрессия, тынчсыздануу же биполярдык бузулуу сыяктуу психикалык көйгөйлөрү бар бейтаптарга седативдер, антидепрессанттар жана антипсихотикалык дары-дармектер жазылат. Ошол эле учурда мифоманияда психологиялык колдоо абдан маанилүү. Эгерде мифоманияны дарылабаса, анда бул оору импульстук көзөмөлдүн бузулушу менен өмүр бою калыптануусу мүмкүн.

Мифомания шизофренияга айланып кетиши мүмкүнбү?

Мифомания жете турган эң жогорку чек — шизофрения оорусу. Мифоманияны дарылоо өтө маанилүү, бирок ошол эле учурда өтө татаал. Бул оору менен ооругандар өз иш-аракеттерин билишпейт жана дарылоого макул болууну, терапия ыкмаларын кабыл алууну каалашпайт. Демек, мындай адамдардын оорулуу экендигин кабылдап, психологиялык колдоого алынышы керек.

Адам калп айтып жатканын кантип байкасак болот?

Эгер сиз каршыңызда сүйлөп жаткан адамдын калп айтканын байкап, шек санасаңыз, анын кыймыл-аракетине көз салыңыз. Калп айтып жаткан адам ар дайым оозун тосуп сүйлөйт. Ошондой эле ал адам сиздин көзүңүзгө карай алабы же жокпу, буга да маани бериңиз. Дагы айта кетчү жагдай, кээ бир учурда калп айткан адамдын мурду кычышып же кызарып башташы мүмкүн. Муну изилдөөчүлөр мээден келген сигналдар меен байланышта болгону үчүн деп жоромолдошкон.

Пиноккио менен таанышуу

Балаңызга мифоманияны кичинекей кезинен эле түшүндүрүп, эскертип койсоңуз болот. Ал үчүн калп айтканда мурду узарган мультфильм каарманы «Пиноккиону» мисалга тартыңыз. Муну жаш кезинен үйрөтүү зарыл, анткени бул оору өспүрүм куракта башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM