Биз менен байланышыңыз

Шабданалиев баалардын өсүшүнүн эки себебин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 1396 | 0

Товарлардын баасынын жогорулашы ЕАЭБдин ичиндеги көйгөйлөрдөн улам келип чыгууда. Анткени негизинен Орусиянын товарлары кымбаттап жатат. Ал эми Кытайдын продукциялары мурунку баада. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, товарлардын наркынын өсүшүнүн биринчи себеби: сомдун кунунун туруксуздугу. Курсту жогорулатуу үчүн долларларды короткон менен, баары мүмкүнчүлүктөрдү ылдыйлатып жатат.

Экинчиден, АКШ менен Орусиянын тирешинен улам мунайзаттын баасы кымбат. Ал эми дүйнөдө арзандап жатат, бул кадам Орусияны кысымга алуу үчүн жасалууда.

Айрым соодагерлер абалдан пайдаланып, бааны көтөрүп коюуда. Алсак, кумшекер Кыргызстанда өндүрүлөт, андыктан анын баасынын жогорулашына негиз жок.

Шабданалиев мындан сырткары, ишкерлер аргасыздыктан аткезчиликке барып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM