Биз менен байланышыңыз

Шабданалиев: Соода соолуп баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 929 | 0

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде өлкөдө соода соолуп бара жатканын эскертти.

Анын айтымында, сооданын солгундашы коркунучтуу. Анткени бул кирешелүү жана көп салык төлөгөн тармак. Мындан улам жалпы экономикада сооданын орду чоң.

«Соода болбой калганынын эң чоң көрсөткүчү: «Дордой» базарында киши жок; Казакстан, Өбекстандан келген кардарлар да жоголду. Эгерде Кыргызстан транзиттик жүктөрдүн хабына айланса, ыңгайлуу шарттар бар. Болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Чиновниктер логистикалык борборлорду уюштуруп курууга бир да кадам кылышкан жок. Ал эмес, план да жок. Мүмкүн жаңы өкмөт орчундуу маселелерге көңүл бурар. Эң чоң кемчилик — товарларды сыртка чыгара турган саясат жок», — дейт Шабданалиев.

Ал мындан сырткары «Торугарт» өткөрүү бекети мурдагы тартипте иш алып барбагандыктан, Кытайдан ташылып келинүүчү товарлар келбей жаткандыктан, миңдеген айдоочу жумушсуз калганын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM