Биз менен байланышыңыз

«Казактар кыргыздар менен соода кылган кытай соодагерлерин тартып кетти»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 11579 | 0

«Дордой» базарында соода жок, мезгилдик товарлар келе элек. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда «Торугарт» өткөрүү бекетинен күн сайын орто эсеп менен 150 унаа өтүп, 40-50 тонна жүк келчү. Ал эми азыркы тапта араң 8 унаа өтүп жатат. 5 миңге чукул жарандын жумушу токтоп калды. Кыргызстан боюнча 2 миңдей айдоочу бар. Алар кыйналып турат, саясий күчкө айланып кетиши да ыктымал.

«Кытай тарап санитардык норма киргизип, эски калыпка келүүгө макулдук бербей жатат. Буга өкмөт да, министрлик да, Кытай тарап да барбай жатат. Анткени чек ара былтыр кыргыз тараптын демилгеси менен жабылган», — дейт Шабданалиев.

Анын маалыматына таянсак, казак тарап кыргыздар менен соода кылган бардык кытай соодагерлерди өздөрүнө тартып кетти. Анткени Казакстан Кыргызстан аркылуу кеткен товарларга тоскоолдук жасап келишет. Мындан улам Кыргызстан үчүн ыңгайсыз абал жаралууда.

Мындай абал пандемиядан мурда башталган. Кыргыздар пара берип, сүйлөшө коюп, бекеттен өтүп келген. Буга Кыргыз Өкмөтү катуу чара көрүшү керек болчу.

«Казак тарап бизди: «Аткезчилик менен келген товарларды Орусия, Европага жөнөтүп жатасыңар», — деп күнөөлөп жатат. Мунун чындыгы бар. Бир чети казактар туура кылды, бизди тартипке чакырды», — дейт эксперт.

Ал белгилегенде, өлкө экономикасы эл аралык соодага ылайыкталгандыктан, Кытайдан Кыргызстанга жүк алып өтүү экономикага түздөн-түз зыянын тийгизип жатат. Бир эле мисал, кийим тигүүдө материалдар тартыш болгондуктан, бул тармак да артта калууда.

Copyright © 2017 Maral FM