Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалил Атамбаев камакка алынды

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 1227 | 0

ИИМдин мурдагы кызматкери, ишкер Жалил Атамбаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалил Атамбаев бир катар кылмыш иштери, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган деген факты боюнча иш козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалил Атамбаевдин олуттуу каржылык булактарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн жакын туугандарынын атына каттатып алганы аныкталган.

Мындан улам ал Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) менен кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM