Толкун Камчыбекова Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз катчысы болуп иштеген.
Эскерте кетсек, бул кызматты Бакыт Рысалиев аркалап келген.