Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлер «наушниктин» бир канча зыянын айтып берди

Блог | 12 Мар 2021 | 1063 | 0

«Кулакчын менен музыканы катуу угуу адамдын угуу жөндөмүнө терс залакасын тийгизет, ошондой эле анын бат-баттан дезинфекцияланып, тазаланып туруусу абдан маанилүү», — деп билдирет дарыгерлер «РИА Новостиге» берген маегинде.

Күнүмдүк турмушта мобилдик смартфон колдонгон ар бир адам сөзсүз түрдө бир кулакчын да колдонот. Айрыкча, жаштардын көпчүлүк бөлүгү үйдө, көчөдө жана коомдук транспортто деле «наушник» менен музыка угууну адатка айлантып алышкан. Дүйнөдө технология өнүккөндөн бери атайын смартфондорго деле ар түрдүү аксессуарлар, кулакчындардын бир канча түрлөрү чыгарылып келет. Көпчүлүк мунун ден соолукка зыяны көп экенин билип туруп пайдаланса, айрымдары ага анча деле маани беришпейт.

«Наушникти» туура колдонуңуз

«Кулакчындар — эң негизиси башкаларга тоскоол болбоо үчүн жеке өзү гана колдонуп, ар кандай нерсени угууга арналган шайман. Бул жагынан алганда, кулакчындар пайдалуу буюм. Ошондой эле эгер сиз аларды туура эмес колдонсоңуз, үндүн көзөмөлсүз күчөтүлүшү угуу органына жагымсыз кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Негизи бул бизге колдонууга пайдалуу нерсе, болгону туура колдоно алсак», — деп билдирет Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы оториноларингологу Андрей Крюков.

Туура тандоо жасоо зарыл

Эксперт белгилегендей, кулакчындын кандай түрүн колдонууну аны колдонуу максаттарына карап, ар бир адам өзү тандайт. Жашы улуулар телекөрсөтүүлөрдү угуу үчүн зымы бар узун же такыр эле зымсыз кулакчындарды көп колдонушат. Ал эми жаштарда вакуумдуу же зымсыз, сырткы үндү басаңдаткан кулакчындар популярдуу.

«Эң башкысы, аларды кантип тандап алуу керектигин билүү шарт. Кулакчындын кулактын ичине кире турган силикон бөлүгү кулакка дал келиши керек. Антпесе бат эле түшүп кала берет. Ошол эле учурда тышкы угуу каналынын назик терисине зыян келтирбеши керек. Себеби тышкы угуу каналынын терисиндеги кичинекей эле жаракат андан ары оор акыбалга алып келиши мүмкүн жана сезгенүү процессинин өнүгүү ыктымалдуулугу жогору болот», — дейт Крюков.

Ошондой эле аны бат-баттан антимикробдук дезинфекция каражаттары менен тазалап туруу керектигин кошумчалады.

Л. И. Свержевский атындагы Оториноларингология илимий-изилдөө клиникалык институтунун аудиология жана кулактын ички патологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Елена Загорская кулакчынды ар дайым колдонуу кээде өмүргө коркунуч туудурарын белгилейт:

«Эгерде сиз кулакчынды учурда абдан көп колдонуп жаткан болсоңуз, айрыкча бизге белгилүү вакуумдуу түрү басымдуу колдонулат эмеспи, алар менен тышкы үндөр чектелет, бул нерсеге маани бербесеңиз, өмүрүңүзгө абдан кооптуу деп эсептейм. Жөнөкөй эле мисал, мындай учурда адам көчөдө баратып, унаалардын үнүн укпай калып, жол кырсыгына кабылышы да мүмкүн». 

Дарыгер: «Угуу көйгөйүнө кабылган бейтаптардын баары ушул кулакчынды көп колдонуу себебинен деп айта албайбыз. Бирок бизге кайрылган улан-кыздардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү музыканы катуу угуп, тынымсыз колдонгондугун моюнга алууда», — деп кошумчалаган.

Кулак оорулары оңой дарыланбайт

Дарыгерлердин айтымында, угуу жөндөмүнүн төмөндөшү ар дайым эле ийгиликтүү дарыланбайт. Аны артка кайтаруу ар качан ойдогудай боло бербейт, же болгон чакта деле эки тарапка тең абдан көп кыйынчылыктарды жаратат. Андыктан алар азыркы жаштарга, ошондой эле улуу муунга да угуу органына кылдат мамиле кылуу жана катуу үндөрдөн сактоо керектигин, мүмкүн болсо мындай эрежелерди так сактоо керектигин сунушташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM