Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүр» ишканасынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 499 | 0

Коррупция фактысы боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Корррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон сотко чейинки иштин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Турускул» салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалышты.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылы жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылы мындан унаалардын 22 миң 199ду түзгөн. Натыйжада «Кыргызкөмүрдүн» кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Каражаттарды алуунун ушундай схемасы «Турускул» салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан уюштурулган. Аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн, атап айтканда, ташылган көмүрдүн уруксат берилген салмагынан ашыкча жүктөлгөнү үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана «Турускул» салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM